21:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда Европалык иммундаштыруу жумалыгы өтөт

Кыргызстанда 24-апрелден 30-апрелге чейин Европалык иммундаштыруу жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Бишкектин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жылы жумалыктын урааны «Эмдөө таасир этет» деп аталат. Иш-чаранын негизги максаты- калктын, жетекчиликтин, бийлик өкүлдөрүнүн, ар кандай диний коомчулуктун өкүлдөрүнүн көңүлүн жугуштуу ооруларды эмдөө аркылуу гана жеңсе болот деп буруу.

Кыргызстанда пландык иммундаштыруу боюнча ич өткөк, көк жөтөл, шал оорусу, гепатит В, кызамык, кызылча жана башка ооруларга карата эмдөө жүргүзүлүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар