11:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Акыркы айда мигранттар 25,6 миллион долларга көп акча которушту

2021-жылдын февраль айында чет өлкөдөн иштеген кыргызстандык мигранттар 177,1 миллион доллар акча которушту. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Банк февраль айында январга салыштырмалуу 25,6 миллион долларга көп акча которгонун белгилейт.

Ал эми өткөн жылдын февраль айында 2,3 миллион долларга төмөндөгөн.

Которулган акчалардын 97 пайызы Россиядан (319,8 миллион доллар) которулду.

Февраль айында 41,9 миллион доллар Кыргызстандан чыгарылды. Анын көпчүлүгү (40,4 миллион доллар) Россияга которулду.
Эң көп окулган жаңылыктар