11:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

2018-жылы Кыргызстанга 35 215 кытай жараны кирген

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанга 35 215 (2017-жылы 41 307) кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 436 (2017-жылы 40 690) кытай жараны чыгып кеткен. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Кытай Эл Республикасынын жарандары тууралуу маалыматка карата билдирүү таратты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын визасын 21 017 кытай жараны алган, мунун 14 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 310 виза алынган, (анын ичинде 1013 электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргыз Республикасынын аймагына бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) кытай жараны алып, алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксаат алган.

Мындан тышкары 2010-2018-жылдары баардыгы болуп Кыргыз Республикасынын 60 жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан (никелешүү тууралуу күбөлүктү алышкан).

2010-2018-жылдарда жалпысы болуп 268 кытай жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар