14:42
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Түркмөнстан миграция мыйзамдарын бузгандарга мунапыс берүүгө даяр

Түркмөнстан өкмөтү миграциялык мыйзамдарды бузган жарандар үчүн мунапыс маселесин карап жатат. Бул чара чет өлкөдө жүрүп, убагында биометрикалык паспорт албай калган түркмөн мигранттарына дагы тиешелүү болот.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдагандай, эгер мигранттар мекенине өз эрки менен кайтышса, жоопкерчиликтен толугу менен бошотулушат. Миграция жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери бул тема боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Түркмөнстанда биометрикалык паспорттор 2013-жылдан тарта пайдаланыла баштаган. Ал чет өлкөгө чыгуу жана кирүү учурунда колдонулат. Бирок ошол маалда негизинен Түркияда иштеп жүргөн түркмөн мигранттарынын көбү өлкөдөн кайра чыгарбай коюшат деген кооптонуулардан улам, Түркмөнстанга кайтып келишкен эмес жана чет паспорт албай калышкан.

Мыйзам боюнча чет өлкөдөгү түркмөн консулдуктары жарандарына биометрикалык паспортторду берүүгө милдеттүү, бирок иш жүзүндө бул мүмкүн болбой келген.

Эң көп окулган жаңылыктар