Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун бүгүн 31-мартта парламентке президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов жеткирген. Сунушту 61 депутат колдоп берди, 4 депутат каршы болду.
Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Төрайым тергөө жүргүчө кызматынан убактылуу четтетилди.