19:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мамлекеттик салык кызматы: «Яндекс Такси» 6 айда 3 миллион 727 миң салык төлөдү

2021-жылдын январь-август айларында «Яндекс Такси» жергиликтүү өнөктөш компаниясы тарабынан 3 млн 727 миң сом резидент эместин кирешесине салык төлөнгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2018-жылы такси кызматы боюнча резидент эместин кирешесине салыктын түшүүсү 677,5 миң сомду, 2019-жылы — 687,8 миң сомду, 2020-жылы — 454,6 миң сомду түзгөн.

КР Салык кодексинин 223-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешелер салык агенттери тарабынан төлөм булагына 10 пайыз өлчөмүндө салык салынууга жатат.

Башкача айтканда, «Яндекс такси» жергиликтүү өнөктөш компаниясы КР аймагында «Яндекс Такси» тиркемесин пайдалангандыгы үчүн тийиштүү салыктарды (резидент эместердин киреше салыгын) төлөөгө милдеттүү.

Мындан тышкары, такси кызматы ишкердикти жалпы негизде жана бирдиктүү салыктын негизинде жүргүзө алат.

Ошондой эле, «Яндекс Такси» тиркемесин колдонуу менен же ансыз жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар бир таксинин айдоочусу патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизинде иштеши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар