17:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы алмашты

Азиз Аалиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Тийиштүү чечимге фондунун уставынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фондунун башкармалыгын жетектеген Нурлан Мамытов кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума