16:04
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду акыйкатчы кызматынан бошотту

Жогорку Кеңеш Токон Мамытовдун акыйкатчы кызматынан кетүү тууралуу арызын 20-октябрда канааттандырды.

Мамытов парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан бошоду. Ал депутаттыкка талапкер болуп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-октябрда кабарлаган.

2018-жылдан бери акыйкатчы болуп иштеген Мамытов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке ат салышмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар