22:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Дүйшөн Төрөкулов 15-майга чейин үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов 15-майга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу  Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, депутат мамлекетке келтирген чыгымды төлөп берүүгө макул болду. Андан тышкары бөгөт чарасын кароодо туруктуу жашаган жери жана үй-бүлөсүн баккан жалгыз адам экени эске алынды. 

Депутат Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда эки айга камакка алынган. Ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынына келип, референдум боюнча мыйзам долбоорун колдоду. 

Эң көп окулган жаңылыктар