Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун абактагы мөөнөтү узартылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ахрор Иминов УКМКнын тергөө абагында 4-апрелге чейин кармалат.
Ахрор Иминов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого шектелүүдө. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топту түзүү же ага катышуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Ноябрдын ортосунда ал тергөө абагынан сыртка чыкпоо жөнүндө тил каты менен бошотулуп, бирок кайра кармалган.