15:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Галина Байтерек: Садыр Жапаровдун муфтийдин алмашышына тиешеси жок

Президент Садыр Жапаров экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев менен сүйлөшкөн эмес. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, муфтияттагы чырга Садыр Жапаровдун атын аралаштырып, чагымчылдык аракеттер жүрүүдө.

«Бул маалымат калп. Садыр Жапаров экс-муфтий Рахматтулло Эгембердиев менен жолуккан эмес. Кайсы бир күчтөр өлкөдөгү чагымчылдык аракеттерге кызыкдар болууда», — дейт ал.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта Рахматулло ажы Эгембердиевдин аудиосу таркаган. Анда ал экс- муфтий Максат Токтомушевду иштен алуу Садыр Жапаров менен талкууланганын айтат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби