05:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улукбек Марипов: Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши эмес

«Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши эмес», — деп премьер-министр Улукбек Марипов Ички иштер министрлигинин 2020-жылкы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана үстүбүздөгү жылга карата артыкчылыктуу милдеттерин талкуулоо боюнча коллегиялык жыйында билдирди.
 
Ал үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөөгө аракеттерине токтолду.

«Зомбулуктун ар кандай фактылары — адам укугунун негиздерине каршы келген кылмыш. Өнүккөн коомдо мындайга жол берилбеши керек. Зомбулуктун ар-түрдүү фактылары, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук да укук коргоо органдарынын көңүлүнөн четте калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши катары кабылданбашы зарыл. Мындай фактылар жашырылбастан, коомчулук мындай көрүнүштөрдү жектөө менен кабылдашы тийиш», — деди Улукбек Марипов.
Эң көп окулган жаңылыктар