08:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаровдун биринчи чет өлкөлүк иш сапарына кам көрүлүүдө

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, тараптар эки мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларды сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгууну талкуулашкан.

Мындан сырткары, кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңип чыгуу маселеси, эл аралык уюмдар жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышкан.

«Руслан Казакбаев кыргыз тарап өлкө президентинин Россияга боло турган сапарына чоң маани бере турганын билдирди. Анын айтымында, аталган иш сапар кыргыз-орус кызматташтыгына кошумча импульс берет жана союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк рухундагы өз ара түшүнүшүү жана ишеним атмосферасындагы мындан аркы эффективдүү саясий өз ара аракеттенүүнүн негиздерин салууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деп жазылат маалыматта.

Казакбаев келечектеги тышкы саясий байланыштардын алкагында экономика, айыл чарба, өз ара соода, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперация тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ылайыктуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо ниетин билдирди.

Россиянын элчиси кыргыз-орус эки тараптуу мамиленин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча предметтик диалог өткөрүүгө Россиянын даярдыгын жана расмий Москваны кыргыз тарап менен белгиленген бардык маселелер боюнча маалымдар кыла турганын айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар бардык пландаштырылган иш-чараларды карап чыгууга, эки өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгын эске алуу менен кыргыз-орус кызматташтыгынын жалпы комплексинин мындан аркы интенсификациясына үмүттөнөрүн кошумчалашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар