13:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дары-дармек департаментинде коррупциялык схема аныкталды

Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 8 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам актыларынын бири-бирине дал келбегендиктеринен жана мыйзамдагы кетирилген мүчүлүштүктөрүнөн улам медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө, лабораториялык сыноолорду өткөрүүдө жана мамлекеттик сатып алууда көрсөтүлгөн департаменттин баардык тармактарында тутумдук коррупциялык схема аныкталып, жыйынтыгында алардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизгендиги аныкталган.

Мындан тышкары, департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодо жана экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдошуп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүшкөн жана коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратурасы тарабынан жогоруда белгиленген департаменттин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 8 материал КЖБРге катталып, азыркы учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү 4 сунуштары караштуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан каралып, тартиптик жоопкерчиликке 4 кызматкер тартылып, анын ичинен бир кызматкер жумуш ордунан бошотулган

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби