2019-жылы республиканын аймагында аялдарга карата 4,4 миң кылмыш жасалып, 2018-жылга салыштырмалуу 14 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
Адамды уурдоо кылмышы 2,3 эсеге, зордуктоо — 2,1 эсеге, адам сатуу — 2 эсеге өстү.
2019-жылы аялдарга карата мажбурлап никеге тургузуу менен байланышкан 24 кылмыш жана диний ырым-жырымдарды өткөрүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен 11 кылмыш жасалган.
2019-жылы кризистик борборлорго 6 миң 687 адам кайрылса, алардын 90 пайызы аялдар. Көбүнчө 18-34 жаш курагындагы жаш аялдар жардам издейт.