Мончодогу зордуктоо Алтай республикасынын Кош-Агач айылында болгон. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.
Россиянын Ички иштер министрилиги окуя Алтай Республикасында болгонун ырастады. Маалыматка караганда, мончодогу окуя 2020-жылдын 29-июлунда Алтайдын Кош-Агач районунда болгон.
Эскерте кетсек, 24-январда социалдык тармакта эркек кишинин өспүрүм баланы зордуктап жаткан видеосу тарады. Видео баняда тартылган. Видеонун биринчи бөлүгүндө кылмышкер казак тилинде сүйлөп жатканы угулат. Жабырлануусу «койчу братан» деп гана кайталайт.