Банядагы эркек кишинин эркекти зордуктоосу башка өлкөдө болгон. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.
Ички иштер органдары иликтөө иштерин улантууда. Алдын-ала билдирүүсүндө, окуя эки жыл мурла башка мамлекетте катталып, кылмышкер жаза тартылган.
«Аталган видеого байланыштуу жалган маалыматты таратуудан алыс болууга чакырабыз», — дейт ИИМ.
Эскерте кетсек, 24-январда социалдык тармакта эркек кишинин өспүрүм баланы зордуктап жаткан видеосу тарады. Видео баняда тартылган. Видеонун биринчи бөлүгүндө кылмышкер казак тилинде сүйлөп жатканы угулат. Жабырлануусу «койчу братан» деп гана кайталайт.