18:26
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кытайдагы шахта кырсыгы: урандыда калгандар эки аптадан кийин гана куткарылат

Кытайлык куткаруучулар шахта кырсыгында жер алдында калгандарга эки аптадан кийин гана жетерин айтууда. Бул тууралуу ВВС Кыргыз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада куткаруучулар уранды алдында калган 12 шахтер менен байланышка чыккан. Андан бери бирөө жаракатынан каза тапты. Азырынча аларга азык-түлүк жана дары-дармек жеткирип тургудай чакан тешик бургуланган. Дагы 11 киши дайынсыз бойдон.

Жер катуу болуп, шахтада суу агып жаткандыктан бургулоо иштери жай жүрүп жатат. Эгерде куткаруучулар туура эмес эсептеп алышса, шахтага суу толушу ыктымал. Шахтерлор жүздөгөн метр жер алдында калган. Башкача айткандар куткаруучулар 70 тоннага тете топуракты тазалагандан кийин гана шахтерлорго жетет.

Шандунь провинциясындагы Хушан аттуу алтын кенинде 10-январда жарылуу болуп, шахтанын чыга бериши урап түшкөн. Байланыш системасы дагы жабыркаган.

Куткаруучулар бир нече күн бою аман калгандарды издеп, эч натыйжа чыкпаганда шахтага азык-түлүктү сойлоткон кабелди артка тартып алууну чечкен. Дал ошол кабелге жер алдында калгандар аман экенин билдирип, кат байлап коюшкан. Алтын казып жаткандар кагазга «куткаруу иштерин токтотпогула» деп жазып, тирүү экенин билдиришкен.

Жер алдында калгандар менен телефон байланыш түзүлгөндө 12 адам тирүү экени аныкталган. Алардын 11 чогуу бир жерде, жүз метр ылдый тарапта дагы бир адам бар экени тастыкталган. Андан бери өзүнчө калган шахтер менен байланыш үзүлдү, чогуу бир жерде турган шахтердин бири каза тапты.

Шахтадагы кырсык тууралуу дароо кабар берилбегендиктен, жергиликтүү коммунисттик партиянын өкүлү жана башка өкмөт мүчөлөрү кызматтан алынды. Кырсык тууралуу жаңылык борбордук бийликке жеткиче 30 саат өткөн.

Кытайдагы шахталарда байма-бай кырсыктар катталып турат. Буга коопсуздук чаралары талаптагыдай көзөмөлдөнбөгөнү себеп. Өткөн жылы Кытайда декабрь айында көмүр шахтасында 23 киши ууланып, каза тапкан. Сентябрь айында башка шахтада өрт чыгып 16 адам мүрт кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби