16:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Жарманке 2021-жылдын 23-январында шаардагы Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Жарманке саат 10:00дө башталып, анда азыктар төмөнкү баада коюлат:

• Эт азыктары — 390 сом;

• Жумуртка — 88-92 сом;

• Үй тооктору — 180-200 сом;

• Каймак — 220 сом;

• Быштак — 180 сом;

• Колдун айраны — 40 сом;

• Өсүмдүк майы — 112-120 сом;

• Картошка — 22-25 сом;

• Пияз — 15 сом;

• Сабиз — 20 сом, жашылчалар, суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060.

Эң көп окулган жаңылыктар