18:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өкмөт калктын 80 пайызын коронавируска каршы бекер эмдөөдөн өткөрөт

Өкмөт калктын 80 пайызын коронавируска каршы бекер эмдөөдөн өткөрөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан июнга чейин коронавируска каршы вакцина ала албайт.

«Белгилүү вакциналардын баарына узун керек турат. Биз июнга чейин эч кандай вакцинаны ала албайбыз», — деди ал.

Элвира Сурабалдиеванын айтымында, Кыргызстанда COVAX программасынын алкагында 1миллион 200 кишиге Pfizer вакцинасы бекер келет. АКШнын USAID уюму аны сактоо үчүн муздаткыч жана шприцтер менен жагы камсыздай турган болду.

Андан сырткары, Россия Кыргызстан 500 доза вакцинаны дагы бекер берет. Учурда аны жеткирүү жолдору каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар