04:39
USD 89.41
EUR 96.91
RUB 0.97

Жогорку окуу жайларга кышкы каттоо башталды

Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

2022-2023-окуу жылына карата тандоого катышуу үчүн 26-декабрдан 28-декабрга чейин биринчи турга каттоо жүргүзүлөт.

«Биринчи турга каттоо башталгандан бери 2,5 сааттын ичинде 41 талонго арыз түшүп, эң көп сандагы талондор Ж.Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде катталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар