02:45
USD 84.80
EUR 102.40
RUB 1.15

АКШ: Кытай Шинжаңда «геноцидди» улантууда

АКШнын кызматтан кетип жаткан мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайды Шинжаңдагы уйгурларга жана башка аз улут өкүлдөрүнө карата «геноцид» жасоого айыптады.

«Бул геноцид уланып жатат деп эсептейм. Биз Кытайдын Коммунисттер партиясынын «жетекчилиги жана көзөмөлү» менен «уйгурларды жок кылуу боюнча системалык аракеттерди» байкап жатабыз», — деп жазылган Помпеонун 19-январда жарыяланган билдирүүсүндө. 

Анда мамлекеттик катчы бардык эл аралык уюмдарды, анын ичинде эл аралык сотторду Кытайдын уйгурларга карата жасап жаткан мамилесине байланышкан иштерди кайра карап чыгууга чакырып, АКШ бул багытта Бээжинге басымын улантат деген ишенимин билдирди.

Байдендин ордуна дайындалып жаткан Энтони Блинкен 19-январда Сенаттагы угуулар маалында бул боюнча азыркы мамлекеттик катчынын баасы менен макул экенин айтты. Буга чейин Байдендин командасы Бээжиндин Шинжаңдагы уйгурларга кылган мамилесин «геноцид» катары мүнөздөгөн.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы лагерлерде бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген.

Кытай өз кезегинде бул лагерлерди «тарбиялоо жана кесипке даярдоо борборлору» катары мүнөздөп, мындай чаралар терроризм жана экстремизмге каршы күрөш үчүн керек экенин билдирип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар