12:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМК Райымбек Матраимовдун өкүл баласын кармады

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Айыл өкмөт башчы кечээ, 11-январда кармалган. Ал Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы 1 миллион сомго негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Ошондой эле ал аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай эксплуатацияга берүүгө макул болгон.

Мындан сырткары Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы туурасында сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат. Бул иш боюнча күбө катары сурак берүүдө.

Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Эң көп окулган жаңылыктар