Бишкектеги ыш Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) чыгууда. Мындай пикирин экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев инстаграм баракчасына жазды.
Анын айтымында, шайлоодон кийин Бишкек жылуулук электр станциясын модернизациялоого боюнча иш кайра жанданат.
«Азыр Бишкек шаарынын өйдө жагындагы флагштокко барып келдим. Ал жерде чакчайып күн тийип турат. Шаардын ичи ышка толгон. ЖЭБке Кара-Кече көмүрү туура келбейт. Станцияны ким өткөрүп алып, кимдер курса дагы жооп берет. Шайлоону өткөрүп алалык», — дейт ал.