23:00
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Энергохолдингдин миллиарддаган чыгымдары жарык жана жылуулук тарифтеринде жатат

Улуттук энергохолдингдин миллиарддаган чыгымдары электр жарыгы менен жылуулук тарифтеринде жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Аида Исмаилова билдирди.

Айтымында, жазында отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жаңы тарифтик саясатты тааныштырат.

«Азыркы тартифтик саясат эскирди. Ал боюнча төлөмдөрдү алуу мыйзамсыз. Калк үчүн социалдык тариф ошол бойдон калышы керек, тарифтердин калыптануусуна таасир берегн баардык тобокелдерди эске алуу зарыл», -деди ал.

Депутат Энергохолдингдин таратуучу компаниялардын эсебинен жашап жатканына нааразы болду. «Мекеме төлөй турган белгилүү бир сумма аныкталды. Мындай жол менен холдингдин миллиондогон чыгымдары тарифте жатат», -деди Аида Исмаилова.

Эң көп окулган жаңылыктар