14:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте сойкулук кылууга кыздарды чет өлкөгө жөнөткөн аял кармалды

Бишкекте баңгизат сатып жана сойкулук үчүн кыздарды чет өлкөгө жөнөтүп жүргөн аял кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аялды ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн.

«Кармалган 48 жаштагы Р.Е. аттуу аялдын Бишкектеги үйүн тинткенде кара-жашыл түстөгү зат табылып, соттук-химиялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы табылган зат 8 грамм өлчөмүндөгү кара куурай экенин көрсөткөн. Мындан тышкары, алдын ала маалымат боюнча, Р.Е. интимдик кызмат көрсөтүү үчүн кыздарды чет өлкөгө жиберүү менен алектенгени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Эки кылмышка шектелген аял убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция аты аталган жарандан жабыр тарткан жарандар болсо Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына кайрылууну суранат. Телефон номери: (0312) 62-08-53, +(996) 500 01-33-53.

Эң көп окулган жаңылыктар