17:02
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түркиядагы мейманканадан кыргызстандык сойкулар жашынган бөлмөнү табышты

Түркияда Кыргызстан жана Молдовадан келген сойкулар жашынган бөлмө табылды. Бул тууралуу жергиликтүү sozcu.com гезити жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, Трабзон шаарынын полициясы сойкулук боюнча операция жүргүзүп жатып, мейманкананы текшерди. Ал жерде жылыткычтын артында жашыруун бөлмө бар экени аныкталды. Полиция кызматкерлеринин пикиринде, мейманкана ээси рейд учурунда сойкуларды ошол бөлмөгө жашырчу.

Текшерүү убагында бөлмөдө үч аял бар экен. Алардын экөө Кыргызстан жараны, бирөө — молдовалык. Сойкуларды депортациялоо үчүн миграция кызматына жеткиришти. Мейманкана ээси камакка алынды.

«Түркияда сойкуканалар атайын лицензиясы болсо, мыйзамдуу иштей алат. Анын кызматкерлери каттоого туруп, күбөлүк алып, жыныстык жол менен берилүүчү жугуштуу оорулардын бар-жогун убагында текшерип турушу керек», — делет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар