18:29
USD 84.80
EUR 103.13
RUB 1.14

Жалал-Абадда сойкукана иштеткен аял кармалды

Жалал-Абад шаарында сойкукана иштеткен аял кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан бир имаратты Феруза аттуу аял ижарага алып, мончо-саунаны сойкукана катары иштетип келген. Аталган жай тинтүүгө алынып, ыплас иштер менен алектенип жүргөн 8 аял (жашы болжол менен 25-35 жаштагылар) аныкталды. Арасында Өзбекстандын жараны бар экени айтылууда.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар