16:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Фарид Ниязов тергөө изоляторунда 10-февралга чейин калтырылды

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Буга Ички иштер министрлигинен барган тергөөчүнүн иш боюнча экспертизанын жыйынтыгы даяр эмес экендиги, тергөө бүтө электиги тууралуу маалыматы жана прокурордун өтүнүчү себеп болгонун адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, соттук отурум бүгүн, 28-декабрда болду. Натыйжада Ниязов тергөө изоляторунда 10-февралга чейин калтырылды.

Быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн шектүү катары кармалган Ниязовду Биринчи май райондук соту тергөө абагына камап, мындай бөгөт чарасынын мөөнөтүн 10-февралга чейин узарткан.

Адвокаттар Ниязов аянттагы башаламандыкты уюштурууга тиешеси жок экенин далилдеген видеолор бар экенин, тескерисинче, ал жабыркаган тарап болуп эсептелерин айтып жатышат.

9-октябрдагы окуя үчүн 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков да кармалып, алар кийин үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.

Милиция Ала-Тоо аянтындагы таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча иш козголгонун маалымдаган.

Ниязов Бишкектин № 1 тергөө абагында отурат. Ал 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда.

Эң көп окулган жаңылыктар