22:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кара-Сууда ишкерден $100 миң тартып алып, уулун бутка атып кетишти

Ош облусунун Савай айыл аймагына караштуу Кызыл-Шарк айылында атасы менен уулу белгисиз адамдар тарабынан тонолгону боюнча милицияга арыз түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми аталган жерге барган ыкчам топ төмөнкүлөрдү аныкташкан.

«26-декабрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Савай айыл аймагына караштуу Кызыл-Шарк айылында болгон. Анда кара түстөгү бет кап кийген белгисиз 3 атуул кара түстөгү SsangYong Musso үлгүсүндөгү унаасы менен карама-каршы келе жаткан унааны алды тарабынан сүзүп токтоткон. 24 жаштагы жаранды бутка атып, унаадагы 100 миң доллар акчасын карактап, аларды күтүп турган кызыл түстөгү «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү унаага отуруп окуя болгон жерден из жашырып качып кетишкен. Окуя болгон жерди кароодо ок атуучу куралдын гильзалары табылган.

Андан сырткары жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде окуя болгон жерден изин жашырып кеткен «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү унаасы Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылынын Жаңы-Чек участкасынан табылган. Учурда кылмышкерлерди издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар