08:25
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Президенттик шайлоо. Талапкерлердин теледебаты башталат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында 28-декабрда президенттикке талапкерлердин биринчи теледебаты болот.

Бул күнү талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Ималиев (саат 20:00дөн 22:30га чейин) телетаймашка чыгат.

Калган 12 талапкер 29-30-декабрь күндөрү КТРКдагы дебатка катышат.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. 18 талапкер 15-декабрдан бери үгүт иштерин жүргүзүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар