08:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте жер үстүнөн өтүүчү транспорттун долбоору сунушталды

2020-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарынын мэрясынын жыйындар залында калаанын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов «Бишкек монорельстүү транспорттук тутум» долбоорун сунуштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор шаардык транспорттун сапатын жана туруктуулугун, ошондой эле жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Монорельс — бул темир жол транспорту, асма транспорттун бир түрү, тез жүрүүнү камсыз кылат.

Вице-мэр мындай тутумдун артыкчылыгы анын жүк көтөрүмдүүлүгү, айлана-чөйрөгө ыңгайлуулугу, көчөлөрдөн түшүрүүлөрү жана коопсуз кыймылы экендигин жана курулушу Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Долбоор боюнча, жалпы узундугу 37 км, станциялар 32, линиялардын саны 2, жүк ташуу сыйымдуулугу 150дөн 180 жүргүнчүгө чейин, бийиктиги 5-7 м.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашыруу пландаштырылууда. Вице-мэр «Долбоор кымбат жана узак мөөнөттүү экендигин түшүнөбүз, бирок алдыга умтулуп, заманбап келечекке интеграциялануу керек», — деп баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар