Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Саркарбаевдин баш коргоо чарасы 18-декабрь күнү аталган сотто тандалган. Судья чыгарган чечимге ылайык, ал 16-февралга чейин УКМКнын Ош шаарындагы тергөө абагында болот.
Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен колго түшүрүлгөн болчу.