00:44
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өкмөттүн Жетим-Тоо кени боюнча түшүндүрмөсү

Нарын облусунда жайгашкан Жетим-Тоо кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жатат. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөт.

Жетим-Тоо кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес. Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Бул кенди өз алдынча иштетүү менен өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Жетим-Тоо кениндеги Данга участкасын иштетүүдөн гана жылына $200 миллион ашуун киреше түшөт. Бул бюджеттин кирешесин көбөйтөт, социалдык программалар каржыланат жана акчанын бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшаса болот.

Бул долбоорду ишке ашырууда, салыктарды төлөөдөн тышкары, жергиликтүү элдин кызыкчылыктары эске алынып, дүң кирешенин 2 пайыз Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет.

Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар