15:46
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттерин текшерүүгө тыюу салынды

Өкмөт тарабынан укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттерин текшерүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул тыюу салуу коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу маселелери боюнча, бажы кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү менен жазык жана жарандык процесстин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жайылтылбайт.

Чечим ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо, алардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу, айрым укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кабыл алынды.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар