12:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Байтик айылындагы балдардын уулануу себеби иликтенет

Вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылынын мекте-интернатындагы 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирет.

«Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден-соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек», — деди Эльвира Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда жабыркаган балдар дарыланып жаткан Шаардык балдар клиникалык ооруканасында алардын ал-абалынан кабар алып жүрөт.

Эске салсак, кечээ 8 жаштан 20 жашка чейинки 23 Байтик айылынын мектеп-интернатынын тарбиялануучусу ооруканага уулануу менен жеткирилди. Аларга тийешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда балдардын акыбалы канааттандыраарлык.

Эң көп окулган жаңылыктар