03:11
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектеги «Улуу-Тоо» ресторанында жапырт уулануу болуп, 39 адам жабыркады

«Улуу-Тоо» ресторанында кыз узатуу тоюнда жапырт уулануу болуп, 39 адам жабыркады. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде ооруканага 27 адам, 18-апрелде 12 адам кайрылган.

22-апрелде медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 39га жетти.

«Коомдук тамактануу жайында массалык уулануунун себептерин аныктоо үчүн пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн даяр тамак-аштар жана азык-түлүктөр алынды. 31 кызматкер кароодон өткөрүлдү. Лабораториялык изилдөөлөр жүрүп жатат», — деди мекеме.

Аныкталган тартип бузууларга байланыштуу протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык ресторанга 13 миң сом айып пул салуу токтому чыгарылды.

«Улуу-Тоо» ресторанынын жабуу боюнча чара көрүү жана материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар