02:52
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Кыргызстан менен Өзбекистан $50 миллион капиталы бар инвестициялык фонду түзөт

Фергана шаарында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары - Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыктын бардык спектрин талкуулашты.  

Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин комплексин кароо чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы $50 миллиондук кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар