20:09
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өмүрбек Текебаев: Садыр Жапаровдун айткан сөзү жалган жалаа

«Садыр Жапаровдун «Мегаком» компаниясына байланыштуу айткан сөзү жалган жалаа» — деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев.

Анын айтымында, «Мегаком» компаниясын сатуу сунушун парламентке Алмазбек Атамбаев сунуштаган.

«Ал 2011-жылы компаниянын 45 пайыз акциясын сатууну сунуштаган. Андан кийин 100 пайыз акциясын сатуу үчүн үч жолу аукционго коюлду. Мага айтылган айыптар суу кечпейт. Садыр Жапаровдун айтканы жалган жалаа», — дейт Өмүрбек Текебаев.

Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаев «Мегаком» компаниясын сатуу үчүн Леонил Маевскийден 1 миллион доллар алганын айтып чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар