06:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Кармалгандардын туугандары чыгарып бер деп келип жатат

Садыр Жапаров баш прокурор, УКМК жана ИИМ жетекчилерин дайындап жатканда эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктин таламын талашпоону убадалабаганын айтат. Бул тууралуу билдирүү анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Ал коррупциялык иштерге аралашкандар баардыгы жооп берерин айтат.

«Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар