23:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Садыр Жапаров эки кудаасын жооптуу кызматка дайындады

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын башчысы Турусбек Түмөнбаев жана Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Таштанбек Каймазаров Садыр Жапаровдун кудаасы. Бул тууралуу Factcheck.kg жазып чыкты.

Турусбек Түмөнбаев аталган кызматка 21-октябрда дайындалды. Ошол эле күнү Садыр Жапаров өз буйругу менен Таштанбек Каймазаровду дагы жетекчиликке бекитти.

Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууганы Акат Жапарованын кудасы. 

Ал эми Таштанбек Каймазаров Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованын кызынын кайынатасы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума