17:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Талант Мамытов ЖККУнун онлайн-отурумуна катышат

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларынын чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун мындан ары бекемдөө маселелери талкууланат.

Иш-чарага Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия президенти Владимир Путиндин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУ башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар