12:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен сүйлөшүүдөн кийин шайлоодон баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Анын айтымында, экөө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында дасторкон үстүндө сүйлөшүштү. Парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов президенттикке талапкерлердин ортосунда ортомчу болгону айтылат.

«Мен шайлоодон талапкерлигимди алып салам. Садыр Жапаров менен кийин маданият тармагындагы иштер боюнча сүйлөшүп, иш алып барууга мүмкүн экендигин түшүндүм», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби