08:42
USD 84.79
EUR 103.22
RUB 1.13

Түркияда төңкөрүш аракети боюнча 400гө жакын адамга өкүм чыкты

Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракети боюнча 400дөй адамга соттун өкүмү чыкты. Анын ичинде ондогон мурдагы армия командирлери, учкучтар өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бул адамдар өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга, президент Режеп Тайып Эрдоганды өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталганын соттук жараянга катышкан маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Түрк өкмөтү 250 кишинин өмүрүн алган окуялар үчүн АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Динаятчы ал окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги 90 миңден ашуун кызматкерди, журналисттерди, мугалимдерди Гүлендин жактоочулары деп камакка алган. Дагы он миңге жакыны иштен алынган. Учурда алар боюнча сот жараяндары уланууда.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын оппоненттери ал мамлекеттик төңкөрүш аракети деген шылтоо менен каршылаштарынан кутулуп жатат деп сындап келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар