12:40
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Алтын математика. Кыргызстан менен «Центерра» Кумтөр кенинен канча тапты

Октябрь жана ноябрь айлары Кыргызстандын инвесторлору үчүн оор күндөр болду. Кезектеги саясый толкундоолор тоо-кен тармагында иштеген ишкерлерди жергиликтүү тургундар менен кагылышуусуна алып келди.

Кен иштетүүчү ишканалар ишин токтоткондон кийин бюджетке миллиондогон салык жана башка жыйымдар түшпөй, айлык акы берилбей калды. Чет элдик инвесторлор менен бирге алар менен иш алып барып, тамак, жабдуу, унаа жана башка кызмат менен камсыз кылган компаниялар дагы зыянга учурады. Миңдеген кызматкерлер Кыргызстандагы жумушсуздардын катарын толуктады.

Кумтөрдүн алтындан кирешеси

«Инвесторлор кыргыз алтынын четке ташып кетип жатат», — деген сыяктуу жөө жомоктордун айынан акыркы окуялар тоо-кен тармагына терс таасирин тийгизди. Караандай калп атайын фантастикалык сандар менен коштолуп, социалдык тармактарда таркатылып жатты. Даяр эмес адамдар аны окуйт жана ишенишет. Алардын айрымдарын мисал иретинде карап көрөлү.

«Центерра Голд Инк» компаниясы иштеткен Кумтөр кени.

Кыргызстан «Кыргызалтын» ишканасы аркылуу компаниянын 26 пайыз акциясына, же 77 миллион долларына ээлик кылат. Ал эң ири акционер.

Кумтөр кени 1978-жылы ачылып, аны иштетүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме 1989-жылы даярдалган. Бирок, ал жылдары долбоордун кымбаттыгынан (1,46 миллиард доллар) иш башталган эмес.

Алтын кенин иштетүүчү алгачкы беш жыл бою жүз миллиондогон акчаны салып, анан гана алтын алууга болот. Ал үчүн Кумтөргө үч жыл жетиштүү болду.

««Центерра» Кыргызстандан 100 тонна алтын алып чыгарып кетти», — деген чындыкка дал келбеген маалымат соцтармакта айтылып жүрөт. Аны тактоо үчүн интернеттен издөөгө, же тийиштүү мамлекеттик органга чалып суроо жетиштүү. Бул чоң сыр эмес.

«Кумтөр» кенинен алынган алтындардын баарын «Кыргызалтын» сатып алат.

Ишкана алтынды экспортке чыгарбайт. Ал казып алып, мамлекеттик компанияга сатат.

1994-жылдан бери кенден алынган алтындан 10,4 миллиард доллар киреше табылды.

Бул жылдары алтын наркы, сомдун куну ар өйдө-ылдый болуп турду, бирок, ал биздин баяндамага эч бир тиешеси жок.

1994 — 2019 жылдары долбоордун Кыргызстанга төлөмдөрү 4 миллиард 141 миллион доллардан ашты.

Эгер азыркы курс менен эсептесек, 25 жылда «Кумтөр» салык, жыйымдар, айлык акы жана акциянын кирешеси түрүндө өлкөгө 347 миллиард 844 миллион сом төктү.

Кыргызстандын бюджети 2020-жылы 173 миллиард сомду түздү. Долбоордун иштешинен биз эки жылдан ашык бюджеттин акчасын алдык.

Ушундан кийин ким инвесторлорду кууп чыгуу керектиги боюнча социалдык тармактагы пикирди колдойт?

Өзүңүздөр ойлонуп көрүңүздөр. Мындай долбоорлор болбосо, биз жол салып, айлык акы, пенсия, жөлөк пулду төлөй алат белек?

Алтын алуу үчүн канча каражат жумшаш керек?

«Кумтөр» сыяктуу кен иштетүүчү ишкана иштеши үчүн жылына канча каражат жумшаш керек? 2019-жылы кендин капиталдык чыгымдарына 146 миллион доллар коротулду.

Анткен менен мындан дагы көп акча сарпталган учурлар болгон. Мисалы, 2012-жылы 385 миллион доллар инвестицияланган.

Интернеттеги жалган маалыматтардын бири — Кыргызстандан «Кумтөрдөн» «Кыргызалтынга» төлөнгөн 300 миллион доллардан башка бир тыйында алган жок. Аны ырасташ үчүн 10,4 миллиард доллардан Кыргызстанда ар кандай төлөмдөр катары калган 4,1 миллиард долларды алып салуу жетиштүү.

«Капиталисттер» канча акча табышты?

«Капиталисттер» 1,1 миллиард доллар акча табышты. Бирок, мында биздин өлкө «Центерра Голд Инк» компаниясында дагы үлүшкө ээ экенин эске алабыз. Демек, Кыргызстанда кен ишин токтоткондон кийин гана акча каражат түшүүчү булагы бар.

«Центтера» «Кумтөргө» гана эмес, «Маунт Миллиган», «Эндако» жана «Томпсон Крик» «Лангелот» компанияларына дагы тийиштүү.

Кыргызстан 26 жылда инвестордон төрт эсе көп акча алды.

Эң көп окулган жаңылыктар