15:36
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Садыр Жапаров тоодо үй-бүлөсү менен эс алып жүрөт

Премьер-министр Садыр Жапаров тоодо үй-бүлөсү менен эс алып жүрөт. Ал небереси менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ал сегиз жылдан бери биринчи жолу тоого эс алууга келгенин белгилейт.

«Бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктап, жаным жай ала түштү. Буга чейин 24 сааттын 20 саатын иш үстүндө өткөрүп жүрдүм. Себеби, мурда мойнумда бир эле үй-бүлөөнүн жоопкерчилиги болсо, бир жарым ай бою алты жарым миллион элдин, бүткүл Кыргызстандыктардын тагдыры турду», — дейт ал.

Садыр Жапаров өлкө элин ынтымактуулукка чакырып, Нельсон Манделанын сөзүн мисал келтирген.

««Бийлик башына келген адам өч алуу менен иш баштаса, анда мамлекетин жоготот. Эгер тараптарды чогултуп, бириктирүү менен иш алып барса, улуттун бекемдигин орнотот» деген Нельсон Мандела», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар