04:17
USD 84.80
EUR 103.13
RUB 1.14

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Poland Open мелдешине катышат

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Poland Open эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Айсулуу Тыныбекова мелдештен кийин атайын машыгууларды Польшада улантмакчы. 

Белгилей кетсек, пандемияга байланыштуу көпчүлүк спорттук мелдештер токтотулган. 

Айсулуу Тыныбекова- Азиянын үч жолку чемпиону (2016, 2017, 2019), Азия оюндарынын чемпиону 2018, дүнөнүн чемпиону-2019. Азия чемпионатынын алкагындагы аялдар күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова коло медалга ээ болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар