10:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кезектеги алтын. Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн мелдеште жеңүүчү аталды

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кечээ  Matteo Pellicone аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунан билдиришти.

Мелдеш Италиянын Рим шаарында өтүп жатат. Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде беттешип, кытайлык, АКШлык жана орусиялык атаандаштарын жеңип алды. 

Бул балбан кыздын 5 күн ичиндеги экинчи жеңиши. Буга чейин ал Түркияда өткөн мелдеште алтын тагынган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби