15:41
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек мэриясы: Айсулуу Тыныбековага тартууланган батир менчикке берилген

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын батири кызматтык эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, олимпиада чемпиондоруна, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрүнө менчик катары батир берүү боюнча жол жобо бар.

«Андай батир кызматтык деп эсептелбейт. Кызматтык батирде муниципалитет кызматкерлери, машыктыруучулар, спорт тармагындагы дарыгерлер жана башкалар жашашат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште айрым кызматтык үйлөрдү менчиктештирүү сунушталууда. Мыйзам долбоорду талкуу учурунда депутат Дастан Бекешов спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө, алардын катарында Айсулуу Тыныбековага берилген батир дагы мамлекеттин карамагында экенин айткан.

Бишкек мэриясынын менчигинде 194 кызматтык баатир бар. Анын 25инде дарыгерлер, 30унда мугалимдер, 12синде спортчулар, 100үндө муниципалдык кызматкерлер жашашат.

Эң көп окулган жаңылыктар