08:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кримтөбөл Камчы Көлбаев № 47 абакка которулду

Кримтөбөл Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги № 47 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоо жайынан камакка алынган жана кесилгендерге медициналык жардам көрсөтүүчү абак жайга которулган.

УКМК Көлбаевдин абактан бошоору тууралуу такталбаган кабарларды таратпоону өтүнөт.

Эске салсак, Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн. Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси («Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу») боюнча катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума